Атамбаевге Кудай 30 жыл мурда байлык берсе 2010-жылга чейин неге "жер кепеде” жашаган?

9 апреля 2019 года, 17:27 Рубрика: Блог

Автор:

Атамбаевге Кудай 30 жыл мурда байлык берсе 2010-жылга чейин неге "жер кепеде” жашаган?

Өмүрүндө жалган сүйлөбөгөн пенде жер бетинде болбосо керек. Бирок, ошол жалган айтуулардын да түрлөрү болот. Мисалы, коомчулуктун алдында туруп жалган айтуу менен жеке адамды алдоо же тамашалап калп айтуу, эч кимге зыяны тийбей турган калптарды учуруулардын айырмасы болот. Анан дагы ошол жалганды ким айтып атканы да өтө маанилүү. Катардагы жарандын калпы эч кандай деле мааниге ээ болбой калышы мүмкүн, ал эми бир убакта мамлекетти башкарган адамдын калп айтканы албетте ойго салат.

Муну айтып атканымдын себеби, 7-апрелде “Форум” имаратынын алдында 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон балдарды эскерүү иш-чарасында Алмазбек Атамбаев бир нече жылдан бери айтып келаткан калпын дагы бир жолу айтты. “Мага Кудай байлыкты 30 жыл мурун берген. Бишкектеги тегерек четтеги заводдордун баарын сатып алгам керек болсо. Мага бийлик, байлыктын кереги жок. Мага Кыргызстанда таза калыс бийлик болсун дейм. Азыркы бийлик 7-апрелде революциянын жыйынтыктарын уурдап кетпесин деп кайгырып жүрөм. Ошон үчүн жүрөм. Мага окшоп чындыкты айткыла. Кошой аксакалга окшоп айла жок күрөшкө чыгып атам. Мен жарашып алайын же кетип калайын. Муну менен бүтпөйт”, - деген сөздү сүйлөдү.

Негизи эле Атамбаев жалган сүйлөп атканда да Кудайды оозанып сүйлөмөйдү адатка айлантып алганы белгилүү. Бул ирет да ошентти. Дал ошонусу үчүн аны бүгүнкү күндө Кудай жазалап атканын али түшүнө элек окшойт.

Экинчиден, Атамбаев эгерде 30 жыл мурун эле бай болгон болсо (азыркысындай), анда ал Кой-Таштагыдай (жомоктогудай) хансарайды неге ошондо курган эмес? Аны 2010-жылдын 6-апрелинде УКМК кызматкерлери алып кетердин алдында үйүндөгү видеосу деле интернет булактарында кеңири жарыяланып жүрөт. Ошону жакшылап карасаңыз, Атамбаевдин андагы үйүнүн ичи жупуну эле экенин байкайсыздар. Анан кайдан ал 30 жыл мурун эле азыркысындай бай болгон болот? Кичине жалганды да ченеп айтса боло, элдин баарын келесоо ойлобой.

Замир Аттокуров

Бөлүшүү:

Megacom