Спорт

Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен ойнойт

11 үчтүн айы 2019 года, 09:53 Рубрика: Спорт

Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен ойнойт

Бүгүн, 11-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Түштүк Корея өлкөсү менен беттешет. Оюн Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Бүгүнкү беттеш "С" тайпасынын экинчи айлампасынын алкагында болмокчу. Биринчи айлампанын жыйынтыгы боюнча "С" тайпасында 1-орунду Кытай, 2-орунду Түштүк Корея, 3-орунду Кыргызстан, 4-орунду Филиппин курама командасы ээлеп турат.

Тайпадан жетиштүү упай топтош үчүн кыргыз футболчулары бүгүн Түштүк Кореяны утушу керек. Эгерде утулуп калса, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү азаят.

Бөлүшүү:

Megacom