Политика

Бабанов Кыргызстанга келип, үйүнө жөнөп кетти

9 августа 2019 года, 15:40 Рубрика: Саясат

Автор:

Бабанов Кыргызстанга келип, үйүнө жөнөп кетти

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келди. Аны “Манас-2” аэропортунун күтүү залынын “Республика” партиясынын өкүлдөрү жана мурдагы кесиптештери тосуп алды.

Мындан тышкары Бабановду 400гө чукул тарапташтары тосуп алды. Бабанов тарапташтары менен жолугуп, тынчтыкты сактоону өтүндү.

Өмүрбек Бабанов “Манас-2” аэропортунан чыгып үйүнө кетти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Белгилей кетсек, Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Бөлүшүү:

Megacom