Экономика

Банктык аманаттарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

14 августа 2019 года, 15:53 Рубрика: Экономика

Автор:

Банктык аманаттарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоого алуу системасынын иши боюнча укуктук нормаларды түзүүгө багытталган.

Кабыл алынган мыйзамда контракттык турак жай-сактык каражаттар механизми эки баскычтан турат: биринчи топтоо баскычында ар айлык аманаттарды салуу аркылуу баштапкы сумманы жыйноо, ал эми экинчи баскычта — контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучусу топтолгон сумманы, аманат боюнча сый акыны жана кредитти алып, жалпы суммага турак жай сатып алышы же курушу мүмкүн.

Бөлүшүү:

Megacom