Происшествия

Башка бирөөнүн паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

13 августа 2019 года, 13:03 Рубрика: Окуялар

Автор:

Башка бирөөнүн паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Чечме унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын жасалма паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Окуя ушул жылдын 9-августунда болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

1995-жылы туулган Э.А. уулу аттуу жаран Өзбекстанга башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген. Ал 1987-жылы туулган Ш.К. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөнү аныкталган. Териштирүүнүн жыйынтыгында Э.А. аттуу жаран көрсөткөн паспорт жасалма экени тастыкталган.

Учурда бул иш ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү:

Megacom