Происшествия

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалды

21 мая 2019 года, 20:58 Рубрика: Окуялар

Автор:

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бүгүн, 21-май күнү кайрадан жанданып иликтенип жаткан кылмыш иштин алкагында экс вице-премьер-министр Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык ал кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайрадан жанданган кылмыш иштин алкагында Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана бир нече дарыгер камакка алынган.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык сотунун чечими менен рак диагнозунун негизинде бошотулган.

Бөлүшүү:

Megacom