Происшествия

Батукаевдин бошотулушу боюнча ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси кармалды

15 мая 2019 года, 14:53 Рубрика: Окуялар

Автор:

Батукаевдин бошотулушу боюнча ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси кармалды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы бар делинип ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, Качкыналиев документтерди жасалмалоого катышууга, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупцияга шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Ошондой эле ИИМ Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалганын ырастады.

Буга чейин Батукаевке рак диагнозун койгон дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова убактылуу жайга киргизилип, дагы 2 дарыгерге карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Бөлүшүү:

Megacom