Происшествия

Бишкекте өрт чыкты (Видео)

14 августа 2019 года, 16:47 Рубрика: Окуялар

Автор:

Бишкекте өрт чыкты (Видео)

Бишкектин Чуй –Фучик кесилиши тарабында жайгашкан Шлагбаум тараптан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

«Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги шлагбаум бар го. Ошонун артында машинеби же үйбү,айтоор чоң территория күйүп жатат. Бала-чака аман болсо экен,Кудайым!», - деп жазат Бишкектин тургундары.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы, учурда Якутск көчөсүндөгү мүрзөнүн аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирет.

«Өрттү өчүрүүгө саат 15:55те Биринчи Май райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:02де кошумча 1 бөлүм, саат 16:00дө Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм жана Ленин райондук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет», -деп маалымдайт басма соз кызматынын жетекчиси Эльмира Шерипова.

Бөлүшүү:

Megacom