ШКУнун Бишкекте өтө турган кийинки Саммиттине карата даярдыктар башталды

11 үчтүн айы 2019 года, 16:51

ШКУнун Бишкекте өтө турган кийинки Саммиттине карата даярдыктар башталды

Бүгүн, 11-январда президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында Саммитти өткөрүү максатында пландалып жаткан иштер боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

Башкы иш чараны өткөрүү ушул жылдын 14-15-июнуна белгиленген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Аталган Уюмга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ал эми Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголия өлкөлөрү байкоочу катары катышып келет.

Бөлүшүү:

Megacom