Үч саясатчы Атамбаевке жана "Апрель" телеканалына карата доо арызын толуктап сотко кайрадан тапшырышат

11 января 2019 года, 14:48

Автор:

Үч саясатчы Атамбаевке жана "Апрель" телеканалына карата доо арызын толуктап сотко кайрадан тапшырышат

Бүгүн, 11-январда саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев “Апрель” телеканалынын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган доо арызын толуктап сотко кайра жөнөтүшөт. Бул тууралуу Slon.kg порталына саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, райондук сот Алмазбек Атамбаевдин жашаган жери тууралуу маалымат арызда көрсөтүлгөн эмес деген жүйө менен арызды кыймылсыз калтырып койгон.

"Сот Атамбаевдин азыркы тапта жашаган жери тууралуу маалымат так жазылган эмес деп жатат. Биз мамлекеттик резиденция жана Арашан айылы деп көрсөткөнбүз. Ал эми резиденциядан бул боюнча маалымат берилбейт экен. Арашанда болсо Атамбаевдин жашаган жашабаганы белгисиз болууда. Аргабыз кеткенде жактоочуга айтып ИИМден экс-президенттин жашаган жери тууралуу маалымат талап кылгыла дедим", - деп билдирди Бекназаров.

Ошондой эле ал сот арызыды ушундай эле жүйө менен дагы бир жолу кароодон баш тартса анда президентке кайрылып, Атамбаевдин жашаган жери тууралуу тастыктама кат алып берүүнү суранарышарын билдирди.

  • Айта кетсек, аталган саясатчылар декабрь айынын аягында Атамбаевди жана "Апрель" телеканалын сотко берип 18 миллион сом талап кылышкан.
  • Алардын сотко кайрылышына Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда аталаган саясатчылар "өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеген жана коррупциялык иштерге тиешеси бар" деген сөзү себеп болгон.

Бөлүшүү:

Megacom