Происшествия

Чаткалда айдоочулар жол талашып, жай тургун атылган октон каза болду

10 үчтүн айы 2019 года, 14:13 Рубрика: Окуялар

Чаткалда айдоочулар жол талашып, жай тургун атылган октон каза болду

Чаткал районунда айдоочулар жаңжалдашып, жай тургун атылган октон каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочулар жол талашып жаңжалдаша кеткен. Окуя 10-январь күнү саат 03:00 чамасында болгон.

"Чаткал районунун Терек-Сай айылынынын 1994-жылы туулган Э. А. аттуу тургуну өзүнүн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдо турган. Ошол учурда Өзгөн районун А.Э. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Вольво-FH 12” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келе жаткан. Айдоочунун жанында шериги К.У унаадан чыгып, өтүп кетүү үчүн жолдо токтоп турган унанын ээсинен суранган. Ортодо келишпестик пайда болуп, Э.А. аттуу жаран автоунаасындагы ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. К.ну көкүрөк тушуна атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада К.У. Ала-Бука райондук ооруканага жетпей алган жаратынан улам жолдо каза болгон", - деп жазылат маалыматта.

Чаткал жана Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери тез арада окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Э.А. экендигин аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен өндүрүшкө алынып, шектүү бир нече сааттан кийин кармалып, Чаткал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү:

Megacom