Политика

Чолпон Атада Кыргызстандын президенти менен Армениянын премьер-министри жолукту. Алар эмне иштерди талкуулады?

9 августа 2019 года, 12:39 Рубрика: Саясат

Автор:

Чолпон Атада Кыргызстандын президенти менен Армениянын премьер-министри жолукту. Алар эмне иштерди талкуулады?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Никол Пашинян менен жылуу учурашып, аны кыргызстандыктар жакшы таанып, колдогон сыйлуу конок экенин белгиледи.

Ал Никол Пашиняндын бүгүнкү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын ишине ЕАЭБдин Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары катышуусу евразиялык аймактагы ийгиликтүү интеграцияга өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ошондой эле ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, ВСП+ статусунун артыкчылыктары, Евросоюз менен кызматташуу, санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашуу, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү:

Megacom