Интервью

Сагыналиев, спортчу: Жеңишке жеткенимде күтпөгөн адамдар дагы куттукташты

5 апреля 2019 года, 13:10 Рубрика: Интервью

Автор:

Сагыналиев, спортчу: Жеңишке жеткенимде күтпөгөн адамдар дагы куттукташты

Чыңгызхан Сагыналиевдин спорт дүйнөсүндө жүргөнүнө 10 жылдан ашты Ал ушул жылдын 30-31-мартында Россиянын Тула шаарында өткөн 18 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы дзюдо боюнча Европа чемпионатында 60 киллограм салмак менен экинчи орунду багындырып, мекенибиздин жеңиш куржунун күмүш медаль менен толуктады.

1-классынан бери спорт менен алектенип 17 жашында чоң спорттон ийгилик жараткан жаш спортчу менен Slon.kg агенттигинин кабарчысы маектешкен.

– Азаматсыз Чыңгызхан! Жеңиш менен кыргыз элин кубандырдыңыз. Алгач кепти окурмандарга өзүңүздү тааныштуруудан баштаңыз?

– Мен 2002-жылы 13-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунда туулгам.Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. 7-класска чейин Сокулук районунун Белек айылында окугам. Учурда Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайында 11-класста окуп жатам, ошондой эле Азамат Жазыбаев агайымдын колунда машыгуудамын.


– Жалпысынан мелдешке канча өлкөдөн келген спортчулар катышты?

Албетте, Европалык чемпионат болгондон кийин бир нече өлкөдөн спортчулар келиптир. Жалпысынан мелдешке 20 өлкөдөн 325 спортчу катышты.

– Финалга чыгуу үчүн бир нече спортчуну жеңишке туура келет?Канчасын жеңгенден кийин финалга чыктыңыз?

Финалга чейин үч баланы жеңдим, Адегенде эле Армениялык бала менен беттешке чыктым. Андан соң Орусиялык эки спортчуну катары менен жеңип, финалга чыктым. Финалдык беттеште чечен улутундагы спортчу менен бет келип, жеңилип калдым.


– Финалга чыгуу ар бир спортчунун максаты эмеспи. Алтын медаль сиздин эмес, атаандашыңыздын колуна тийишине эмне себеп болду?

Ар бир эле спортчу алтын медаль алам деген максатта мелдешке чыгат. Бирок бирде утуласың,бирде утасың, баары буйруктан. Эми ушул утулушум, кийинки мелдештериме чоң сабак болду деп ойлойм.

– Сизди медеше кимдер коштоп барышты?

Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча курама командасындагы балдар жана машыктыруучу эки агайыбыз болуп чогуу бардык. Андан башка эч ким деле коштоп барган жок. Ата-энем, досторум жана туугандарым Кыргызстанда туруп интернет аркылуу мелдешти баштан аяк көрүшүптүр.

– Курама команда менен канча бала бардыңар?

Курама командада он эки бала болдук.

– Спортко келишинизге ким түрткү берген? Деги эле канча жаштан баштап машыгып келесиз?

Спорт менен 1-классымдан тарта машыгып келем. Бул тармакка келип калышыма атам түрткү болгон. Атам айылда машыктыруучу болгондуктан, аны ээрчип залга барып, машыгып жүрө берчүмүн. Ошентип атамдын жардамы аркылуу чоң-чоң мелдештерге катышып баштадым.

– Кечээки өткөн мелдешке чейин башка Эл аралык мелдештерге катышып көрдүңүз беле?

Ооба. Казахстанда болгон Эл аралык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга ээ болгом. Бирок Европалык мелдешке биринчи ирет катыштым.

– Европа кубогуна катышуу үчүн канча убакыт даярдандыңыз?

Күндө өткөргөн ар бир машыгуу — алдыңкы мелдештерге даярдануу. А күнүнө эки жолудан машыгып турабыз. Мелдешке аз калганда эки жума Ысык-Көлдө машыгуу өткөрдүк. Ал жаткан бир күндө үч жолудан машыгып жаттык.

– Күмүш медалды тагынып, Кыргызстандын желеги бийикке көтөрүлүп жатканда кандай сезимдер болду? Көзүңүзгө жаш алган жоксузбу?

Сүйүндүм. Аябай толкунданып кубандым. Бирок көзүмө жаш алган жокмун. (күлүп)


– Эң биринчилерден болуп кимдер куттуктады?

– Биринчилерден болуп ата-энем куттуктады. Күтпөгөн адамдар дагы куттукташты.

– Мелдештерде беттешип калган чет өлкөлүк балдар менен сүйлөшүп турасызбы?

Ооба, кез-кезде сүйлөшүп турабыз.

Маегиңизге чоң рахмат!

Мындан аркы мелдештерде алтын медаль тагынып, Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнө элине таанытып жүрө бериңиз!

Маектешкен, Эркеайым Рысмамбет кызы

Бөлүшүү:

Megacom