Спорт

Дагестанда «ЕРЕМ» спорт клубунун мушкерлери жеңишке жетишти

22 июля 2019 года, 09:36 Рубрика: Спорт

Автор:

Дагестанда «ЕРЕМ» спорт клубунун мушкерлери жеңишке жетишти

Дагестанда 15-20 июль күндөрү СССРдин спорт чебери Магомед Гамзаевдин жаркын элесине арналган Россиянын "А" классындагы турниринде 4 кыргыз мушкери финалдык беттешүүгө чыкты. Бул тууралуу Россиядагы мекендештер билдиришет.

Алардын ичинен "ЕРЕМ" спорт клубунун "Эл аралык класстагы спорт чеберлери"Түркбай уулу Мирлан жана Азат Үсөналиев 1- орунду ээлеп Кыргызстандын намысын коргошту.

Белгилей кетсек, бүткүл Россиялык "А" классында турниринде Кытай, Азербайджан, Греция, Украина, Россия, Кыргызстан өлкөлөрүнүн мыкты мушкерлери күч сынашты.

Ал эми дагы бир "ЕРЕМ" спорт клубунун таланттуу мушкери "Эл аралык класстагы спорт чебери" Өмүрбек Малабеков өзүнүн таймашууларында мыкты техникасын, чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн жергиликтүү күйөрмандар тарабынан кызуу колдоого алынды.

Ошондой эле, Улуттук курама команда мүчөсү Темирлан Осмонов 2-орунду ээледи.

Алты өлкө, жана Бүткүл Россиянын 20 шаар, округдарынан катышкан 5 күндүк турнирде эң мыкты бокс техникасын, таймашуунун таза чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков бааланып атайын кубок менен сыйланды.

Андан тышкары: кыргызстандык мушкерлер 69 кг салмакта Маматалы уулу Нурсултан, 75кг салмакта Жаркын Туратов, 81 кг салмакта Айтбек уулу Таалай жарым финалга чейин 3 жолу беттешүү өткөрүштү. Жалпы 8 мушкер барып 2 алтын, 2 күмуш медаль өлкөбүзгө келди.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Екатеринбург шаарында Дүйнө Чемпионаты өтөт. Бул Дүйнөлүк мелдешке өлкөбуздүн курама командасындагы мыкты спорт чеберлери катышуу үчүн даярданып жатышат.

Бөлүшүү:

Megacom