Аналитика

Депутаттар Эл аралык уюмдар аркылуу дары-дармек сатып алууга каршы чыгышууда

25 января 2019 года, 18:47 Рубрика: Аналитика

Автор:

Депутаттар Эл аралык уюмдар аркылуу дары-дармек сатып алууга каршы чыгышууда

21-январда Парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде “мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу колдоо тапкан жок. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик бюджеттен сатып алына турган СПИД, кургак учук, гепатит сыяктуу айрым ооруларга дары-дармектерди эл аралык уюмдар аркылуу сатып алуу сунушталууда.

Кыргызстанда бир дагы дары-дармек чыгаруучу завод жок болгондуктан, өлкөгө бардык дары-дармектер тыштан Россия, Индия, Германия ж.б. өлкөлөрдөн ташылып келинет. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек чыгарган компаниялардан түз сатып алууга акысы жок. Анткени мамлекеттик сатып алууларды тендер аркылуу гана сатып алууга мүмкүн. Бирок дары-дармек чыгарган компаниялар үчүн Кыргызстан кичинекей рынок болгондуктан, аларга тендерге катышуу пайдалуу эмес. Учурда тендерге катышып, дары-дармектерди алып келген ортомчу компаниялар баасын 2-3 эсе көтөрүп жиберишкендиги айтылып, коомчулукта нааразычылык жаратып келет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Дастан Бекешов эл аралык уюмдар аркылуу алганда дары-дармектердин баасы төмөн болуп, натыйжада бюджетти үнөмдөөгө боло турганын айтууда:

Учурда биз дары-дармектерди комерциялык компаниялар аркылуу алып жатабыз. Алар деле ортомчу компаниялардан сатып алышат. Ошондо мамлекет эки ортомчуга төлөп калууда. Ал эми БУУ аркылуу эл аралык компаниялардан алсак, алар ортомчулар эмес, кирешеге салык жок. Ошондуктан бир топ төмөн баа менен сатып алууга мүмүкүн болот. Бирок бул милдетүү түрдө эмес. Эгерде өкмөткө эл аралык уюмдар аркылуу сатып алууга укук берсек, аларга керек болгон учурда сатып алышат.

Бул мыйзам долбоорунун каршылаштары эл аралык уюмга лобби болуп жатканын айтышууда. Алсак, депутат Аида Исмаилова өкмөт келишимдерге ылайык, эл аралык уюмдардын ички документтерине кийлигише албаганы мамлекеттик коопсуздукка тиешелүү маселе экенин белгилеп өттү:

Биринчиден, бул мыйзам долбоорун сунуштагандарда өкмөттүн чечими жок. Өкмөт өз чечимин бериши керек болчу. Экинчиден, булар ООНдун подструктуралары аркылуу дары-дармек жана медициналык жабдууларды мамлекеттик бюджеттин каражаттарына сатып бериш керек деп жатышат. Бирок эсеп палатасы же башка бир мамлекеттик орган алардын документтерин текшере албайт. Ошондон улам канча каражат кетти, чыгашалар канча болду, заводдон дарыны канчага сатып алды биле албай калабыз. Бул нерсе мамлекеттик коопсуздукка кедергисин тийгизе турган нерсе.

Мызам долбоорун демилгелегендер бул тажрыйба 85 малекетте иштегенин айтып, эч кандай эл аралык лобби болушу мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө:

– Маселен коммерциялык компаниялар дары-дармектерди учурунда алып келбей үзгүлтүкө учуратса, кандай жоопкерчилик болот? Аларга айып салабыз, алар жоюлуп, жабылып калышы ыктымал. Ал эми эл аралык уюмдар аркылуу ала турган болсок, мисалы ЮНИСЕФ 200 миң доллар үчүн жабылбайт, бизди алдабайт, дары-дармектерди өз мөөнөтү менен алып келишет - дейт Дастан Бекешов.

Мындай тажрыйба постсоветтик мамлекеттерден Украинада, Казакстанда ж.б. бир катар өлкөлөрдө иштеп жатат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жергиликтүү фарм-компаниялар кирешеден кол жууп калышы мүмкүн экени айтылууда. Ошондой эле фармкомпаниялар коррупциялык көрүнүштөргө жол берери ЖМК беттеринде байма-бай айтылып, мамлекеттик деңгээлде да көтөрүлүп келет. Маселен, 2018-жылдын 18-декабрында координациялык кеңеште Коррупцияга каршы кызматтын директору Сагынбек Исмаилов жергиликтүү фармкомпаниялардын ээлерин “фарм-барондор” деп атап, Саламаттыкты сактоо министрин алар менен күрөшүүгө чакырган болчу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешиинин төрагасы Айбар Султангазиев өлкөдө дары-дармек бизнеси монополияга айланып, фарм-мафиялар башкаларга атаандаштыкка мүмкүндүк бербей жатат деген пикирде.

Жергиликтүү фармкомпаниялардын консультанттары депутаттарга туура эмес кеңеш берип жатат. Анткени фарм-мафиялар башкаларга атаандаштыкка мүмкүндүк бербей жатышат. Ал эми жергиликтүү компаниялардын дарылары дүйнөлүк баага салыштырганда 3-4 эсе кымбат. Онкологиялык оорулардын дарылары 200-400 пайызга баасын жогору сатышууда. Ал эми башка уюмдар келсе, баалар төмөндөйт. Ошондуктан аталган компаниялар өз кирешесин жоготуп коюдан коркуп, тоскоолдук кылууда.

Ачык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда чоң фармкомпаниялардын башында учурдагы же мурдагы аткаминерлер турары айтылып келет. Алсак, «Неман» ААКсы экс-депутат Осмонбек Артыкбаевдин жубайы Раушан Артыкбаевага жана бир тууганына таандык. Ал эми президенттике талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун эжеси Кынабүү Бабанова «Бимед Фарм» ААКсынын директорунун орун басары. «Бифарм» компаниясынын ээлеринин бири экс-депутат Муратбек Мукашев болсо, «Эляй» ААКсынын ээси болуп, «Нурис транс» жүктранспорттук компаниянын директору Нурбек Акжолтоевдики экен. Мындан тышкары мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын дагы фармкомпаниясы бар экени белгилүү.

Автор: Абыл Газиев

Бөлүшүү:

Megacom