Интервью

Диана Светличная:  Кесипкөйлүктүн жогорку деңгээли –  керек маалда эргүү алуу

27 января 2019 года, 22:01 Рубрика: Интервью

Автор:

Диана Светличная:  Кесипкөйлүктүн жогорку деңгээли –  керек маалда эргүү алуу

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика кафедрасынын окуутуучусу, жазуучу Диана Светличная жаш таланттарга дем берип келет. Анынын айрым аңгемелериндеги ойлор жан дүйнөгө бүлүк салып, жашоонун маңызы тууралуу ойлонтсо, кээде аргасыз жылмайтат. Slon.kg маалымат агенттигинин кабарчысы аны менен маектешип, жазуучу деген ким? баардык эле адам жазуучу боло алабы? же бул айрым адамдардын талаайына жазылган өнөрбү? - деген түбөлүктүү суроолорго жооп издеп көрдү.

Сиз кандай деп ойлойсуз, жазуучу деген ким? Кимдер өзүн жазуучу деп эсептей алат?

— Бир чети оңой суроодой сезилет. Жазуучу деген түшүнүктүү го, бир нерсени жазган адам. Карасаңыз, ар бир экинчи адам жазат, бирок биз айрым тандалган адамдарды гана жазуучу деп тааныйбыз. Антон Павлович Чехов өзүн жазуучу деп санабай, «Мен графоманмын, жазууга жөндөмсүзмүн» деп айтып келген. Ал эми кайсыл бир Вася Пупкин, үй башкармалыгына: «Арыбаңыз, мен жазуучумун» деп сыймыктануу менен кат жаза алат. Андыктан, жазуучу дегенде анын жазганын, окуумдулугуна карата аныктасак дейм. Кимдин текстин күтүп окуса, аудиториясы бар болсо ал жазуучу.

— Сиз бир маегиңизде : «Баардык адамдар акын, сүрөтчү, музыкант болуп туулат. Мен буга ишенем» деп айтыптырсыз. Демек, ар бир эле адам жазуучу, музыкант, акын боло алабы?

— Ар бир адам куюлуштуруп, уйкаштырып сөз курап, клавишаларды баскылып, боектор менен чампалай алат – албетте! Бирок, ыр музыка же картинка жаратуу үчүн бош убакыт жана күчтөн тышкары булчуңдарда ички бир жалын, кудай дарыган талант жана өнөрдүн техникалык сырын билүү ашыкча болбос. Баардык адамдар, акын, сүрөтчү, музыкант болуп жаралат дегенде, мен ар бир адамдын кандайдыр бир талантка ээ деген мааниде айткам Ооба, буга ишенем.

— Сиз кантип жазуучу болуп, канча жашынызда жаза баштадыныз?

— Балалыгымда айланамдын баарынан эле ыр жаңырып турчу, анткени апам дайыма ыр окуп берип, сүйлөшкөндө дагы ыр менен кайрылчуу Апама ыр менен кайрылган шаңдуу болсо керек.Чуковский менен Бартонун ырлары менен кайрылса, а сен алардын ыр саптары менен жооп кайтарасың. Биздин баайланыш ыр менен куюлуштуруп, куралгандыктан баарыбыз ыраазы элек.

Башталгыч класста 8-мартка баары апаларына белек камдап башташты . Мен дагы куру калбай – апама ыр арнап, аны майрамда окуп бердим, адабияттан беш алып, өзүмө ыраазы болуп калгам. Ал ыр азыр дагы эсимде, суранбай эле койгула, окуп бербейм. Ал бир керекмет. Балдар жасаган иштердин баары керемет болгон сыяктуу.

— Эргүү деген эмне, ал барбы?

— «Мага эргүү келди» - бул кооз сөз үчүн жакшы деңизчи, а чындыгында, эргүүнү убагында куйругунан кармап калуу зарыл. Аны күтпөш керек, болгону олтуруп иштеп, баштоо абзел. Кесипкөйлүктүн жогорку деңгээли – керек маалда эргүү алуу. Эргүү келбей жатат деп жылдар боюу жазбай, эргүүнү күтүп жатам десе ишенбегиле! Бул кудум эле, табит тамак жегенде ачылган сыяктуу. Айрыкча, кара сөз жазууда.

— Жазуучулукка жаңы кадам таштагандарга кандай кеңеш бересиз?

— Көп окуугула, көп жазгыла, кийин иргеп аласыңар. Ушуга байланыштуу бала кездеги бир ыр эске түштү: «Жакшы балыкчыга, кайырмак менен суу керек» дегендей. Эгерде сиздин көрөңгөдө, бир нерсе өсүп жатса, эч нерсени күтпөстөн, коркпостон, баштоо зарыл. Болгону олтуруп жазыш керек. Анткени ар бир улуу жазуучу дал ушундай олтуруп жазуу менен баштаган да.

Адамдарга текстиңиз кызыктуу болушу үчүн, оболу сизге кызык болусу шарт. Эгер сизге фантастика, космос, башка дүйнө кызык болсо – дал ушуларды жазыңыз, экинчи Достоевский, Толстой болунун кажети жок. Кимдир бирөөнү туурап, окшошуп же көчүрүүнүн кереги жок. Өзүңүздүн түпкүрүңүздөн айтар ойду сууруп чыксаңыз, анткени ар бир адам өзгөчө, ар бир адамдын тажрыйбасы, өзүнө таандык кыжалат болуусу дал ушулар кызыктуу. Тексте эң башкысы — өзүңүзгө чынчыл болууңуз, окуурман аны жакшы сезет.

Эсиңизде болсун, канчалык көп окуусаңыз, ошончолук текстиңизге көп нерсе бере аласыз – башкача айтканда өзүңүзгө. Текст – бул сизсиз, ал шыптан алынган буюм эмес, тексти шөкөттөбөй, өзүңүздү – билим алуу, дүйнө таанымыңызды , жүрүм турумуңузду жакшыртыңыз.

— Өз текстин кантип редакциялоо зарыл?

— Бирөөлөрдүн текстин гана эмес, өзү жазгандарды дагы окуй алган адамдарды сыйлайм. Чын дилимден айтып жатам. Бул тажрыйба менен келет экен. Биздин башыбызда укмуштуудай текст, баш каармандын жүзү жаркырап – тим эле сонун болуп , башыбызды жоготчуудай абалда болобуз. Жазып жатканда – башыңды жоготсоң жогото бер, бирок редакциялоодо башыңды ордуна кой.

Кээде текстин жатканы жакшы. Жалындаган жүрөк менен жазылдыбы, калтырып кой, субуганда, кайрадан окуйбуз. Мүмкүн, ыргытып жибердиңиз. Лев Николаевич Толстой – мектеп окуучусунун жүрөгүн түшүрөт. Анткени ал «Согуш жана тынчтык» чыгармасын 13ирет жазып чыккан . Ошондуктан беш барак жазып алып наалыбайлы. Көлөмү жагынан текст канчалык чакан болсо, ошончолук ойду батыруу абзел. Ар бир үтүр, ар бир байламта, ар бир сөз таамай жана так берилиш керек.

— Сиз кайсыл китепти окууну сунуштайсыз?

Интеллигент инсан, ошондой эле, жазуучу болом деген дымактагы адам, дүйнөлүк классикалык адабияттан тышкары адамзаттын тарыхындагы эң маанилүү эки чыгарма Библия менен Куранды окуушу керек деген ойдомун

Автор: Чолпон Абасбекова

Которгон: Гүлмира Үмөталиева

Бөлүшүү:

Megacom