Политика

Экс-министр Динара Сагынбаева Батукаевдин иши боюнча камакка алынды

15 мая 2019 года, 11:45 Рубрика: Саясат

Автор:

Экс-министр Динара Сагынбаева Батукаевдин иши боюнча камакка алынды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынганын Sputnik Кыргызстан агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, Сагынбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча кечээ, 14-майда милицияга суракка чакырылган.

Буга чейин Батукаевке рак диагнозун койгон дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана дагы 3 дарыгер тергөө абагына киргизилген.

Бөлүшүү:

Megacom