Элита башка, тагдыр башка (Блог)

20 марта 2019 года, 13:14 Рубрика: Блог

Автор:

Элита башка, тагдыр башка (Блог)

Постсоветтик аймакта эӊ узак убакыт бою дээрлик 30 жыл Казакстан мамлекетин башкарган Нурсултан Назарбаевдин кызматын тапшырышынын жагдайлары көпчүлүктү ойлонтуп, аналитиктер геосаясий айдыӊда жана Казакстандагы жаӊы саясий процесстерге жол ачарын болжоп жатышат. Казак эл башы өз каалоосу менен президенттик мөөнөтү аяктаганча кызматын тапшырды. Салмактап, салмактуу кадам жасады, өлкө келечегин болжоп, кадырлуу кетти.

Канткен күндө да Нурсултан Назабаевдин тушунда Казакстан эл аралык аренада таасирдүү өлкөгө, Борбор Азиядагы кубаттуу мамлекетке, геосаясаттагы жигердүү саясий оюнчуга айланды.

Назарбаев башкарган мезгилде Казакстанда ички социалдык-экономикалык оош-кыйыштарды, авторитардык башкаруу режими катары элдин нааразычылыгын жое алган жок, ички, тышкы коомчулуктун адам укуктарын бузуу жана демократияны чектөөгө байланышкан сынынан арыла албады. Соӊку мезгилде казак элинин социалдык нааразычылыктары саясий мүнөзгө айлана баштаганы да анык.

Казакстандын баш мыйзамына ылайык бийликти мындай учрда мурастап калуу озуйпасы праламенттин спикерине жүктөлгөндүктөн, бийликти ырааттуу улантуу салтын түптөп, эчен сыноодон өткөн Касым-Жомарт Токаевге тапшырды. Президенттин милдетин 2020-жылга чейин аткара турган Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев бүгүн, 20-мартта ант берип, кызматына киришти.

Бул чечим эбак эле даярдалып, татыктуу кадр да тандалып, тапталып келген. Мыйзам менен бекемделген эл башы статусу, анын Коопсуздук кеӊешине өмүр бою төрагалыгы, конституциялык кешмеге мүчөлүгү, өкүм партия “Нур Отанга” жетекчилиги, мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшыруунун укуктук жагдайлары боюнча конституциялык кеӊештин чечими, интеллектуалдык, саясий жана экономикалык элитанын колдоосу жана макулдугу, кыскасы классикалык жүрүштөрдүн баары буга чейин даярдалган. Болжогон сценарийге ылайык өткөөл мезгил өтөт, шайлоо болот. Ат чыкпайт, тап чыгат, тап чыкпайт, бак чыгат. Аны көрө жатаарбыз. Бирок да бир тууган казак элине ылайым ырыстуу, ак жолтой журт башы келгей эле.

Албетте, казак калкы, жаӊыланууну күтөт, үмүт артат. Ички-тышкы коомчулук активдешет.

Жаӊы-Өзөн окуясы, социалдык толкундоолор, Алмата, Астана калааларындагы чиеленишкен социалдык-экономикалык адилетсиздиктен улам келип чыккан нааразычылыктар, элге эч бир жарыгы тийбей, олигархтардын колуна топтолгон байлык, “уулу” жүздөр ортосунда эзелки таймаш, чырмалышкан коррупция, авторитардык башкаруунун кесепеттери, коӊшу-колоӊдор, анын ичинде ири алдыда эзелки кыргызга бир тууган эмки казактын алакасынын күӊгөй-тескейи – мына ушунун баары Касым-Жомарт Токаевдин учур чак иштөө мезгилинде, президенттик шайлоодо так талаштын риторикасына, атаандаштардын жана алардын сүрөөнчүлөрүнүн ураан-чакырыктарына айланаары турган иш. Демек бул маселелердин чечилиши Борбордук Азиядагы кубаттуу мамлекеттин мамлекет башчысынын багын ача турган, тагдырын чече турган маселелер.

Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев тажрыйбалуу саясатчы, эл аралык масштабда абройлуу дипломат. Жаман ишке аралашпаган, чуулган кептин бутасына алынбаган этият, өтө кылдат инсан. Бир мезгилдерде, Роза Исаковна Отунбаева жетектеген тышкы иштер министрлигинде иштеген бала кезимде 1995-1999-жылдары бул киши менен нечен ирет дипломатиялык раунддарда кезиккен жайым бар. Кеӊешин уккам, кебине муюгам. Американын, Анлиянын, Россиянын жана Кытайдын дипломаттарынын мыкты баасын уккан элем. Тышкы чөйрөдө колдоого ээ, ири державалардын анабашчылары менен теӊата мамиле кылууга жөндөмдүү, таанымал инсан. Эл алдында жүзү жарык, электоратка таасири эте турган сапаттарга, арданбагандай өӊ-келбетке ээ. Кызыл оокатка жутунбаган ак сөөк мүнөзү бар. Эӊ негизгиси алаштын мыкты азаматы.

Бирок өзгөрүүнү эӊсеген казак калкынынын мүдөөсүн аткаруу оор маселе. Эбегейсиз байлыкка ээ жана ээлик кылууга көз арткан күчтөрдүн оокат талашын, уруучул жүздөрдүн бийлик талашын, арааны ач кландардын дөөлөт талашын, караламан калктын ырыстуу жашоого үчүн өз укугун талашын, эски жана жаш элитанын бак талашын чечүү мамлекеттик саясаттын бардык чөйрөсүндө оор түйшүктөр, күтүүсүз кыйынчылыктар менен коштолоору анык. Жаӊы элита демекчи, азыркы Казакстандын башкаруу аппаратынын 38% 40-50 жаштагы чиновниктер. Элитанын 13% 30-39 жашка чейинкилер түзөт. Анын 11% президент Назарбаевдин “Болашак” программасы чет мамлекеттерден окуган жаштар. Элита тажрыйбага ээ - 51 жаштан 66 жашка чейинкилер 37% . Демек эскилери иргелип, жаӊылары калыптанды. Бул улуттук өнүүгүнүн зарыл шарты.

Казакстанда биздегидей эски жана жаӊы президенттердин конфронтациясына жол берилбейт. Анткени бийликти ыраттуу өткөргөн президент менен утурумдук, а балким келечектеги президент андай абийир төккөн каршылашууга барбайт. Кырдаал башка, инсандар башка, интеллектуалдык дараметтер бөлөк, саясий маданият башка. Тагдыр башка.

Алмаз Окин, коомдук ишмер

Бөлүшүү:

Megacom