Культура

Эртең Кыргыз радиосунда күнү бою аккордеон кайрыктары жаңырат

22 мая 2019 года, 17:30 Рубрика: Маданият

Автор:

Эртең Кыргыз радиосунда күнү бою аккордеон кайрыктары жаңырат

Эртең, 23-майда Кыргыз радиосунун обо толкунунда аккордеон кайрыктары жаңырат. Бул тууралуу аталган радиодон билдиришти.

Уктуруу күнү бою уланып, аккордеондун ар багыттуу музыкалык жанрларга тийгизген таасири жөнүндө кеп козголот жана кыргызга аккордоенду алып келген залкарлардын эмгеги айтылат.

Мындан сырткары ыр коштоодогу, аспаптык чыгармаларды жаратуудагы жел кыяктын мүмкүнчүлүктөрүнө саресеп салып, аккордеонду чебер ойногон профессионал таланттар келип, өнөрүн элге тартуулашат.

Ошондой эле угармандар Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында” сакталган аккордеон кайрыктарын да уга алышат.

Бөлүшүү:

Megacom