Происшествия

Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалган

9 августа 2019 года, 10:52 Рубрика: Окуялар

Автор:

Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалган

Кечээ, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов кечки саат 21.00дөр чамасында ИИМдин имаратына алып келишкен. Ал "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн сотто Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 8-августта Кой-Ташта күч түзүмдөрүнүн Атамбаевди кармоо экинчи операциясы жүргөн. Анын жыйынтыгында Атамбаевди кармашып, УКМКга алып келишкен.

Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 40тан ашык адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон. Атамбаевдин тарапташтары атайын багыттагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алышкан. Бирок алар атайын багыттагы жоокерлерди элдин тобунан коргоп калышканын айтышууда.

Бөлүшүү:

Megacom