Аналитика

“Сорос-Фонду” каржылаган ЖМК тууралуу изилдөө көчүрмөбү?

26 апреля 2019 года, 16:49 Рубрика: Аналитика

Автор:

“Сорос-Фонду” каржылаган ЖМК тууралуу изилдөө көчүрмөбү?

24-апрелде Бишкек шаарында Сапар Исаковдун өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген Гулнура Төралиева башында турган медиа эксперттердин тобу “Медиа таасирдин матрицасы" аталышындагы изилдөө топтомунун бет ачарын өткөрүштү.

Изилдөө ишине “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылык колдоо көрсөткөн. Ага 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын март айына чейинки Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы жана өнүгүшү тууралуу маалыматтар камтылган.

Эң кызыгы, топтомго киргизилген айрым изилдөөлөр мындан 2 жыл мурда чыккан “Кыргызстандыктардын медиага артыкчылык берүүсү” аттуу изилдөө ишине жарыяланган маалыматтардан өзгөртүүсүз көчүрүлүп алынган.

Муну “Сорос-Кыргызстан” фондунун Твиттердеги баракчасына жүктөлгөн жаңы изилдөөнүн айрым барактары да далилдеп турат.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов да Твиттердеги баракчасына жаңы чыккан изилдөөгө 2 жыл мурун чыккан иликтөөлөрдүн материалдары колдонулганын баса белгилеген.

Ошондой эле ал "Сорос-Кыргызстан" фондунан иликтөө үчүн канча каражат бөлүнгөндүгү боюнча маалымат берүүнү суранган.

Мындан сырткары Байсалов "Сорос-Кыргызстан" фондунун расмий баракчасына жарыяланган иликтөө толгон-токой каталар менен "эптемей" жазылганын далилдеген. Мындан көп өтпөй, фонддун сайтына жарыяланган изилдөөлөрдүн жаңысы да 2 жыл мурункусу да өчүрүлгөн.

Slon.kg агенттиги “Сорос-Кыргызстан” фондуна байланышып, “Медиа таасирдин матрицасы" аталышындагы изилдөөнү сураганыбызда, айрым жерлери түзөтүлүп, 2 жумадан киийн ачык булактарга таратыларын айтышты.

Кошумчалай кетсек, 24-мартта аталган изилдөө жыйнагынын бет ачары өтүп, ал иш чаранын катышуучуларына таркатылган.

Бөлүшүү:

Megacom