Политика

ИИМ: Журналист Мирбек Айтикеев камалды деген маалымат жалган

13 августа 2019 года, 16:02 Рубрика: Саясат

Автор:

ИИМ: Журналист Мирбек Айтикеев камалды деген маалымат жалган

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев камакка алынды деген маалыматты ИИМ жокко чыгарды.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Мирбек Айтикеев азырынча суракка чакырыла элек экенин тастыктады.

Белгилей кетсек, бүгүн 13 –августта күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ЖМК өкүлдөрүнө 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Ташта болуп өткөн башаламандык боюнча жыйын өткөрдү.

Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Дмитрий Ложниковдор журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырыла турганын белгиледи.

12-августта айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан.

Бөлүшүү:

Megacom