Политика

Кашкар Жунушалиев: Бийликти басып алууга аракет кылгандардын башында азыркы жана мурунку депутаттар турат (видео)

13 августа 2019 года, 16:38 Рубрика: Саясат

Автор:

Кашкар Жунушалиев: Бийликти басып алууга аракет кылгандардын башында азыркы жана мурунку депутаттар турат (видео)

«Ала –Тоо» аянтында баш аламандыкты уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандардын арасында мурунку жана азыркы депутаттар да бар. Бул тууралуу ИИМ министри Кашкар Жунушалиев пресс-коференция учурунда билдирди.

«Биздин балдар барганда, Атамбаев жана анын тарапташтары каршылык көрсөтуп, «Ала –Тоо» аянтында өзүлөрү тузгөн пландар менен чогулуп алып, жаш балдар менен наркомандарды шаарга толтуруп, ызы чуу салганга аракет кылышты», - деп билдирди ИИМ башчысы.

Кашкар Жунушалиевдин айтымында бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандардын арасында мурунку жана азыркы депутаттар бар.

«Азыркы учурда, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча, ал адамдардын аты жөнүн айтууга даярбыз», - деп билдирди ИИМ министри.

Эске салсак, 7 августтан 8 августка караган түнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны суракка алып кетүүгө келген ИИМ жана УКМК кызматкерлерине карай ок атып, натыйжада УКМКнын атайын багыттагы «Альфа» тобунун офицери, подполковник Үсөн Ниязбековдун жүрөгүнө ок тийип каза болгон. Белгилүү болгондой ага карата Атамбаев белекке алган Драгунов снайпердик мылтыгынан ок атылган. Атамбаевдын айтымында жоокерлерге анын тарапташтары эмес, ал өзү ок аткан.

Андан тышкары баш аламандыктардын натыйжасында 45 адам турдуу жаракат алган. ИИМ билдиргендей укук коргоо органдары элге каршы курал колдонгон эмес. Алар атайын резина ок менен атуучу каражаттарды гана колдонгон.

7 августтан 8 августка караган түнү Атамбаев жана анын тарапташтары УКМКнын алты кызматкерин барымтага алып, натыйжада укук коргоо органдары артка чегинүүгө мажбур болушкан.

8 августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулса, президент Сооронбай Жээнбеков эс алуу мөөнөтүн токтотуп Ысык-Көлдон Бишкекке келген.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 8 августта түштөн кийин ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин гана колго түшүп бергендигине карабастан анын тарапташтары «Ала-Тоо» аянтында да баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан.

Аларды укук коргоо кызматкерлери таң га жуук гана тынчандырышкан.

Учурда Алмазбек Атамбаев УКМК убактылуу тергөө абагында 26 августка чеийин кармоо чечими чыккан. Мындан тышкары анын тарапташтары Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков жана башкалар сурак берип жатышат.

Бөлүшүү:

Megacom