Общество

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: “Менин 79 кызматкерим сабалып, анын экөө оор абалда жатат”

13 августа 2019 года, 11:31 Рубрика: Коом

Автор:

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: “Менин 79 кызматкерим сабалып, анын экөө оор абалда жатат”

Мындай маалыматты ИИМ министри Кашкар Жунушалиев “Кабар” агенттигинде берген маалымат жыйынында айтты:
“Кой-Таштагы баш аламандыкты токтотууга барган милиция кызматкерлери каршылык көрсөткөндөр тарабынан катуу сабалган. Жалпы 79 кызматкер ур-токмокко алынып, анын ичинен 2 кызматкер учурда оор абалда жатат. Бирок ага карабай милиция кызматкери элге карата катаал аракеттерге өткөн жок”-дейт министр К.Жунушалиев.
Эскерте кетсек, мурдагы президент кылмышкер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөөдө күбө катары келүүдөн баш тартып, алып келүүгө барган укук коргоо органдарына карышылык кылган. Жыйынтыгында атайын кызматтын офицери атылган октон каза болуп, Чүй ОИИББнын жетекчиси катуу сабалып, баш сөөгү ажыраган. Бул мыйзамсыз аракеттер боюнча Атамбаев жана анын командасындагы кылмышка шектүүлөр камакка алынган.

Бөлүшүү:

Megacom