Ката “моюнча” талкуудан улам (Блог)

7 марта 2019 года, 10:00 Рубрика: Блог

Автор:

Ката “моюнча” талкуудан улам (Блог)

Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчиси - Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастан Жумабековдун аткаруу бийлигинин башчысы – Премьер-министрине мыйзам тууралуу жазган катындагы одоно каталар биздин кемчиликтерди ашкереледи, сабатсыздыкты айгинеледи. Жаӊы кодекстерде “тартип бузуулар” “бузуулар”, а “кылмыш” “жазык” деп аталганы натуура.

Каталар принципалдуу мааниге ээ, ошондуктан коомчулук арданып жатат. Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин Жогорку Кеӊеш бекитет. Мыйзам ушундай. Эми ошол бийликтин башчысы катасын мындай учурда колдонулбай турган факсимилиге шылтап отурат (Иш кагаздары туураллуу нускамага, Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык расмий документтерге факсимиле коюлбайт). Кеӊешчиси кызматтан кетти. Флэшмоб коом башка темага тез эле алаксып кетээрин, калп айтып, мөрөй алаарын, ишинде кемчилик кетирсе да жазасыз калаарын, милдетин аткарбай, бирок бейсураксыз болоорун биздин чиновниктердин көбү мыкты өздөштүрүп алган.

Сөз маданияты менталдык маселе. Учкай анализ көрсөткөндөй чиновниктердин, саясатчылардын сөз маданиятынын проблемаларынын ичинен эң орчундуусу - бул чиновниктердин сөз байлыгы жана сабаттуулугу. Сөз маданиятын өнүктүрө турган, жумурай журтка үлгү боло турган коомдук-саясый маанилүү мейкиндиктерде таасирдүү кызмат адамдарынын билим деңгээли, алардын сөз байлыгы канааттандырарлык эмес, ал тургай кабатырлантат.

Англиянын Глазго университети 1803-жылдан 2005-жылга чеийнки аралыкта Британ саясатчыларынын парламентте сүйлөгөн сөздөрүн Индепендент (The Independent) веб-сайтка толук жарыяланган тексттердин негизинде Англия саясатчыларын сөз байлыгын изилденген.

Мисалы премьер-министр Тони Блэр 1993-жылдан 2005-жылга чейин Британ парламентинде 2888 жолу сүйлөп, 1 млн 401 миң 531 сөз колдонгон. Британиянын дагы бир баш министри Уильям Гладстон парламенттик дебаттарда 2,7 млн сөздү пайдаланган. Кыргыз тилин кедей деп айтууга болбойт. Бирок "Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүндө" акыркы 10 жылдагы расмий документтерге байланыштуу 18 миң текст талданып, 13 сөз жыш колдонулаары белгиленген. Бай тилди, тил казынасын өзүбүз кемитип, жакырлантып алганбыз. Же өзүбүз жакырбыз.

Көпчүлүк чиновниктердин оозунан келегей сөздөр чыгып, калеминен сабатсыз, шаблон, примитив же түшүнүксүз тексттер жаралып, элге тартууланууда жана сиңүүдө. Адабий жана расмий тилдин эӊ жөнөкөй эрежелерине баш ийбеген, тартып алмай, жулуп алма психологияга негизделген кеп жана “этикет” төрдөн орун алды. Кесиптик жаргондор бир тең, кылмышкерлердин сүйлөө, учурашуу, өзүн алып жүрүү манералары саясатчыларга жукту, коомго таңууланды. Кылмышкерлердин жүрүм-турум адаттары биз дайыма кездешкен кадыресе көрүнүшкө айланды. Тар чөйрөнүн же кылмыштуу топтун говорлору, жаргондору, сүзүшүп учурашмай жогорку бийликтин өкүлдөрүнөн тартып бүгүн көчөдө жүргөн, эртеӊ кримтөбөл болсом деп эӊсеген уландарга чейин мүнөздүү.

Экинчиден, сөз эркиндигин адабий тилдин, дегеле тилдин эрежелерин одоно бузуу менен алмаштырып алдык окшойт. Сөз эркиндиги деген дөөлөт кыргыз кыртышына түшкөндө дискурстун, теманын, предметтин, арналган аудиториянын дайын-дарегине, айткандын да, уккандын статусуна карабастан ар ким каалагандай тилди бурмалоого, эч бир эрежеге баш ийбеген ээн ооздукка, бейбаштыкка үрөн таштап, ал отоо чөптөй дүркүрөп өсүүдө.

Сөз, ал тургай тыбыш белгиси да укуктук категория. Бул түшүнүктүү. Сөз – саясий маселе. Эмне үчүн? Сенек, супсак тил жагымсыз, жугумсуз келет. Уккан, окуган элде тигил же бул кубулуш, окуя, чечим тууралуу мамлекеттик легитимдүү органдын көз карашын натуура баалоого шарт түзөт.

Ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү мамлекеттин атынан элге кызмат көрсөтүп жаткан соң, алардын айткан-дегени, жазганы элге бери дегенде түшүнүктүү, сабаттуу жана адабий тилдин жол-жоболоруна шайкеш болмогу абзел. Cабатсыз тил сапатсыз кызматты шарттайт, коомдо туура эмес түшүнүктү калыптандырат.

Сөз энергетикага ээ. Кандай жакшы идея болбосун, эгер ал түшүнүксүз болсо, тескери кабыл алынат, демек четке кагылат. А элдин туура кабылдоосу мамлекеттик бийликкке жана ал жүргүзгөн саясатка ишенимди калыптандырган башкы факторлордун бири. Ар кандай реформанын ийгилиги элдин ишенимине жараша болоору талашсыз. Идеяны эл түшүнбөсө декабристтер конституция деп ураан чакырганда карапайым орус калкы бул жаңы императрицанын аты деп түшүнгөн сыяктуу нерсе.

Коомдун сөз маданияты улуттук тилге карата мамилеге жараша болот жана коомдун жалпы маданий деңгээлин чагылдырат, сөз маданияты - коомдун күзгүсү. Ал эми улуттук тил улуттун, социумдун өнүгүү деңгээлин аныктоочу факторлордун бири. Дал ошондуктан өнүккөн мамлекеттерде сөз маданиятын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин, саясатчылардын сүйлөө, баарлашуу, жазуу маданиятын жакшыртуу менен алектенишет. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын жетекчилиги немистердин фашисттик режим убагында жабыркаган сөз маданиятын оңдоого көп аракет жумшаган.

Көп өлкөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сөз маданиятынын проблемаларын атайы изилдешет. Изилдөөлөргө ири илимий мекемелер жана университеттер кеңири тартылат. Мисалы ошол эле Россияда мамлекеттик чиновниктердин кеп маданиятын жакшыртуу боюнча ондогон диссертациялар корголуп, жүздөгөн монографиялар жазылып, окуу куралдары даярдалат. Россиянын жогорку окуу жайларына "Сөз маданияты жана азыркы орус тилинин нормалары", «Сүйлөө искусствосу", "Жазуу маданияты" "Баарлашуу маданияты", "Сөз этикети", Расмий жазуу документтеринин стилистикасы жана эрежелери", "Эл алдында сүйлөө өнөрү" сыяктуу курстар окутулат. Россия федералдык парламентинин депутаттары, анын аппаратынын кызматкерлери жана региондогу жергиликтүү парламенттердин депутаттары үчүн "Парламенттик сөз маданиятынын өзгөчөлүгү", "Сүйлөө маданияты" сыяктуу атайы курстар окутулат.

Ал эми Англияда ар бир чиновниктин дайым окуган жанжолдош китеби - бул англис тилинин эреже-нускамасы (The Complete Plain Words). Бир эле эмес, бир нече мамлекет биригип алып сүйлөө, жазуу маданиятын жакшыртууга белсенип киришкен учурлар бар.

Еврокомиссия 1998-жылы тилдин тууралыгы жана тазалыгы үчүн ири кампания баштаган (The Clear Writing Campaign). Чиновниктердин туура сүйлөө, айрыкча сабаттуу жазуу маданиятын жогорулатууга багытталган бул кампаниянын алкагында 2011-жылы 6000 чиновниктин иш кагаздары иликтенип, эне тили англис тили болгон еврочиновниктердин саны бар болгону 13% түзсө да, баардык документтердин 95% адегенде англисче даярдалып, анан калган европалык тилдерге которулаарын, ал ортодо мааниси бурмаланып арналган дарекке жетээрин аныкташкан. Кудум биздегидей. Башка себептер менен катар менталдык жагдайларды унутпоого тийишпиз. Кеп биздин көп чиновниктердин орусчаны мыкты билгендигинде эмес, орус тилинде даяр шаблондорду, алар норма деп эсептеген даяр сүйлөмдөрдү колдонуп, документти чүргөй салып, кайрылган кишиге чечилбесе да эптеп жооп берип коюу, ошентип көзөмөлдө турган маселени жаап салуу жеңилдиги менен түшүндүрүлөт. Бул адат беленге көнгөн чиновникти орусча оригинал текст түзүү же сөз издеп кыргызча жазуу, айтуу түйшүгүнөн арылтат.

Адамдын тили анын жалпы маданиятынан, билиминен жана акыл-эсинен кабар берет. Бирин-эки мисалдарга кайрылалы. Баарыбыз жакшы билген Жусуп Абдрахмановдун "Күндөлүктөр. 1916 -жыл. Сталинге кат" китебин окуган адам анын сабаттуулугуна, дүйнө таанымынын кенендигине жана сөз байлыгынын молдугуна баа бербей кое албайт. Анын "Күндөлүктөрүнүн" кол жазмасын мен өз колум менен кармап, окуу бактысына туш болгом. Окуган кишини кайдыгер калтырбай толкунданткан күндөлүктөрүн Жусуп Абдрахманов өз колу менен, күнүнкүсүн күнү жазганы калемдин сыясы түгөнгөндө карандаш менен улап кеткен жерлеринен даана билинет. Немец психологдору белгилегендей өз учурунда жазылган каттар, күндөлүктөр жана башка нерселер кийинчерээк авторго пайдалуурак интерпретацияланып түзүлгөн мемуарлардан, эскерүүлөрдөн айырмаланып чынчыл келет, астейдил болот.

Жусуп Абдрахмановдун да, Уинстон Черчиллдин да эч качан спичрайтери же жазмакер жардамчысы болгон эмес. Докладдарын өз колу өзү жазган, анан машинкага тердирген. Экөө тең чынжырлуу элитанын өкүлдөрү. Экөө тең премьер-министр. Экөө тең классикалык билим алган эмес, бирок университеттерди бүтүргөн замандаштары, андан кийинки саясатчылардан кыйла билимдүү болгон.

Айырмасы Абдрахманов кыркылып кете жаздаган элдин оор трагедиясынан кийин аз өтпөй үзөнгүлөштөрү менен бирге башка формада жана мазмунда кайра калыбына келтирген мамлекеттин өкмөтүн башкарса, Черчилль экинчи дүйнөлүк согушта Англиянын даяр министрлер кабинетин жетектеген. Жусуп Абдрахманов да адабий, оратордук таланты бар жаркын инсан болгон, бирок 36-жашында атылып кетти, а Черчилль урмат-сый үстүндө жашап, 91 жашында көз жумду. Ошондон улам анын атактуу тарыхый чыгармаларды жаратууга мүмкүнчүлүгү болду окшойт. Черчиллге Нобель сыйлыгы 1953-жылы Лондондун мурдагы мэри Борис Джонсон жазгандай жалтыраган төш белгиге кызыккан саясатчылар сымал саясий ишмердүүлүгү үчүн эмес, адабият боюнча - "тарыхый чыгармаларында мыкты чеберчилиги жана оратордук искусствонун ажайып үлгүлөрүн жараткандыгы үчүн" ыйгарылган.

Американын эң популярдуу, өз айланасына мыкты интеллектуалдарды топтогону менен белгилүү президенти Джон Ф. Кеннеди Черчиллдин чечендиги жөнүндө "Ал англис тилин аскер сымал топтоп, Англия үчүн кармашка салды" деп таамай баасын берген. Джонсон демекчи, ал өзүнүн Лондон тууралуу китебин эң мыкты пролог менен баштаган - "О людях, которые сделали город, который сделал мир". Караңызчы, кандай ой, не деген энергетика камтылган.

Чиновниктин тилге болгон мамилеси - ал кызмат кылууга милдеттүү коомго, мамлекеттик кызматтын негизги керектөөчүсү, бийликтин бирден бир булагы - элге болгон мамилеси. Жоопкерчилик маселеси. Бул маселени чечүүгө эмитен киришпесек, азыркы сабатсыз, келегей тил эртең адабий нормага айланып, бурмаланган тил нагыз тил экен деп кабыл алган бүтүндөй муун пайда болушу толук ыктымал. Мамилеси калыптанган, оюнда келгендей сүйлөсө жана жазса болот деп ынанып калган катмар кантет, тил кантет? Албетте, сабатсыздардын саны өсөт, тил жакырланат. Буркан-шаркан түшүп, устаранын мизинде оодарылган глобал заманда ким оңдойт да, кимди оңдойт. Кайсы маданиятты, кимдин маданиятын кайсы баалуулуктарга карап жакшыртабыз. Мына ушулар бизди түйшөлтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызматкерлердин сөз маданияты ой калчай турган, акыл таап, айла кылып чече турган маселе.

Автор: Алмаз Окин

Бөлүшүү:

Megacom