Спорт

Казакстанда өткөн шахмат боюнча турнирде кыргызстандык Михаил Бешимов коло медаль тагынды

11 июля 2019 года, 11:47 Рубрика: Спорт

Автор:

Казакстанда өткөн шахмат боюнча турнирде кыргызстандык Михаил Бешимов коло медаль тагынды

Казакстанда шахмат боюнча өткөн KBTU Open 2019 турниринде кыргызстандык Михаил Бешимов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу chess-results.com сайты жазып чыкты.

Турнир 4-июлдан 10-июль аралыгында Алматы шаарында өткөн. Ага Казакстан, Россия жана Кыргызстандан 31 спортчулар катышкан.

9 турдун жыйынтыгынын негизинде Бешимов алдыга чыгып, коло медалды утуп алды. 1-орунду казакстандык Абилмансур Абдильхаир утса, 2-орунга дагы бир казакстандык Казыбек Умбетов ээ болду.

Бөлүшүү:

Megacom