Экономика

"Кепилдик фондунун" уставдык капиталы 1,132 млрд сомду түздү

29 июля 2019 года, 14:00 Рубрика: Экономика

Автор:

"Кепилдик фондунун" уставдык капиталы 1,132 млрд сомду түздү

Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын акционерлеринин катарына кошулгандан кийин фонддун уставдык капиталы 1,132 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, 19-июлда Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын кошумча чыгарган 550 млн. сомдук акцияларын сатып алып, 49% үлүшкө ээ акционер болуп калды.

"Кепилдик фонду" ААКсы 2016-жылы 282 млн. сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. 2018-жыл КР өкмөтү аны 582 млн. сомго көбөйткөн. 2019-жылы уставдык капитал 1,132 млрд. сомду түздү. Эгер "Кепилдик фонду" ААКсынын уставдык капиталын банктардын көрсөткүчү менен салыштырса фонд 8-орунда, ал эми өздүк капиталдын өлчөмү боюнча 12-орунда турат", - деди ал.

Бөлүшүү:

Megacom