Экономика

Өкмөт башчы: Учурда бюджетти аткарууда чоң кемчиликтер жана көйгөйлөр бар

6 августа 2019 года, 11:30 Рубрика: Экономика

Автор:

Өкмөт башчы: Учурда бюджетти аткарууда чоң кемчиликтер жана көйгөйлөр бар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты.

Коллегиялык жыйында бир катар, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салыктык карыздарды өндүрүү жана башка маселелер каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда бюджетти аткарууда чоң кемчилдиктер жана көйгөйлөр бар. Өткөн жылы бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылган.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 6 айында КР МСК 38 млрд 238,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнаган, план 96,2% аткарылган же млрд 517,4 млн сом түшпөй калган. Мындан тышкары 2019-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын салыктык карызы 4 млрд 483,6 млн сомду түзгөн. Анын ичинде кайтарымсыз карыз – 2 млрд 871,9 млн сом.

Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, чече турган маселелер бар деп айтууга болот. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык кызматтары камсыздай алышкан жок.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын салык тутуму башка өлкөлөрдөн болжол менен бир нече жылга артта калып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү:

Megacom