Происшествия

Кой- Ташта Чүй ОИИББ башчысы Курманкуловду башка балка менен чапкан видео тарады

10 августа 2019 года, 18:47 Рубрика: Окуялар

Автор:

Кой- Ташта Чүй ОИИББ башчысы Курманкуловду башка балка менен чапкан видео тарады

Кой- Ташта Чүй ОИИББ башчысы Курманкуловду башка балка менен чапкан видео тарады

Бүгүн социалдык тармактарда 7-8 августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө баш аламандык уюштуруп, УКМК атайын багытта даярдалган жоокерлерин барымтага алып, кое бербей тургандыгын тартылган. Мындан тышкары видеодо Чүй ОИИББ жетекчиси Самат Курманкуловду белгисиз адам башка балка менен чаап жарадар кылгандыгын көрүүгө болот.

Эске салсак, 7 августтан 8 августка караган түнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны суракка алып кетүүгө келген ИИМ жана УКМК кызматкерлерине карай ок атып, натыйжада УКМКнын атайын багыттагы «Альфа» тобунун офицери, подполковник Үсөн Ниязбековдун жүрөгүнө ок тийип каза болгон. Белгилүү болгондой ага карата Атамбаев белекке алган Драгунов снайпердик мылтыгынан ок атылган. Атамбаевдын айтымында жоокерлерге анын тарапташтары эмес, ал өзү ок аткан.

Андан тышкары баш аламандыктардын натыйжасында 45 адам турдуу жаракат алган. ИИМ билдиргендей укук коргоо органдары элге каршы курал колдонгон эмес. Алар атайын резина ок менен атуучу каражаттарды гана колдонгон.

7 августтан 8 августка караган түнү Атамбаев жана анын тарапташтары УКМКнын алты кызматкерин барымтага алып, натыйжада укук коргоо органдары артка чегинүүгө мажбур болушкан.

8 августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулса, президент Сооронбай Жээнбеков эс алуу мөөнөтүн токтотуп Ысык-Көлдон Бишкекке келген.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 8 августта түштөн кийин ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин гана колго түшүп бергендигине карабастан анын тарапташтары «Ала-Тоо» аянтында да баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан.

Аларды укук коргоо кызматкерлери таң га жуук гана тынчандырышкан.

Учурда Алмазбек Атамбаев УКМК убактылуу тергөө абагында 26 августка чеийин кармоо чечими чыккан. Мындан тышкары анын тарапташтары Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков жана башкалар сурак берип жатышат.

Бөлүшүү:

Megacom