Происшествия

Кой-Ташта көз жумган жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (өмүр баяны)

9 августа 2019 года, 10:31 Рубрика: Окуялар

Автор:

Кой-Ташта көз жумган жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (өмүр баяны)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган атайын даярдыктагы жоокердин сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Маркум Үсөнбек Ниязбековго аза күтүү зыйнаты Бишкек шаарындагы 5-кичирайонунда болуп жатат. Анын артында жубайы, 4 баласы калды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев да келгенин интернет колдонуучу Болот Темиров социалдык баракчасына жүктөгөн.

Өмүр баяны:

УКМКнын маалыматына ылайык, каза болгон кызматкер Ош облусунун Ноокат районундагы Бел-Өрүк айылында 1972-жылы төрөлгөн;

Маркум Ош технологиялык университетин аяктаган;

2000-жылы Ош облусундагы "Альфа" атайын багыттагы башкармалыгында иштеп баштаган;

2019-жылдын февраль айында УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлеринин башчысынын орун басарлыгына дайындалган.

Үсөнбек Ниязбеков "Эрдик" төш белгиси жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Анын артында жубайы жана 4 баласы калды.

2019-жылдын сентябрь айында ага полковник чини ыйгарылмак.

Белгилей кетсек, Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан көз жумган. Атамбаевди кармоо операциясы Кой-Таштагы өзүнүн үйүндө болгон.

Бөлүшүү:

Megacom