Происшествия

Кой-Ташта жоокерлерди барымтага алгандарды табууга милиция жардам сурайт

9 августа 2019 года, 16:55 Рубрика: Окуялар

Автор:

Кой-Ташта жоокерлерди барымтага алгандарды табууга милиция жардам сурайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Анда Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алып, 1 күн кармаган. Бул тууралуу"super.kg" жазып чыкты.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, бул ишке катыштыгы бар делингендердин айрымдарынын ким экени аныкталды.

"Атайын даярдыктагы жоокерлерди барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө кызматы тарабынан бардык амалдар жүргүзүлуп жатат. Спецназдарды барымтага алып жаткан видеодогу адамдардын айрымдары аныкталды. Алар кылмыш жообуна тартылат", - деп жазылат маалыматта.

Аталган башкармалыктан сүрөттөгү адамдарды көрүп-билгендер болсо, милиция кызматкерлерине маалымат берүүнү өтүнөт.

Бөлүшүү:

Megacom