Аналитика

КТРК жетекчилигине күрөштө атаандаштык барбы?

19 февраля 2019 года, 18:38 Рубрика: Аналитика

Автор:

КТРК жетекчилигине күрөштө атаандаштык барбы?

Коомдук телерадио корпорациясынын директорлугуна талапкерлердин арызын кабыл алуу 18-февралда 17:00дө токтоду. Байкоочу кеңеш аныктап көрсөткөндөй КТРКны жетектөөнү көздөгөндөрдүн саны 22 адамга жеткен. Жыпар Жекшеев баштаган Байкоочу кеңеш 22 талапкердин ичинен 3 талапкерди талап кылынган негизги документтери жок деген жүйө менен жарыштан четтетти. Калган 19 талапкердин документтери шайлоо күнүнө чейин кылдат текшерүүдөн өтөт.

КТРКнын чыныгы коомдук канал боло алдыбы же бийликтин эле саясатын жургузуп атабы деген талкуу март ынкылабынан бери уланып келет. Атамбаевдик мезгилде КТРКны жетектеп келген Илим Карыпбековдун да мөөнөтү аяктады. Кийинки мөөнөткө барбайм деген Карыпбеков бул ирет шайлоого каналдагы жамааттын сүрөөсүнөн улам, алардын ишеничин актоо иретинде катышууну туура көргөн. Жамаатын сүрөөсү эле Карыпбековду “кийинки шайлоого катышпайм” деген сөзүн унуткарып жибергенине коомдо нааразы болгондор арбын.

Нуракун уулу: Карыпбековду колдогондор менин талапкерлигимди алууга үндөштү

Илим Карыпбековдун КТРКнын дректорлугуна талапкерлигин кайрадан коюшу, коомчулукта анын бул кызматка кайрадан келет деген сөздү бекемдеди. Арыз берилер күндүн акыркы сааттары калганда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун талапкерлигин коюшу жогорудагы пикирди жокко чыгарды.

Бийликтин үч бутагынын биринин басма сөз кызматын жетектеген адамдын КТРКнын башчылык орунун бутага алышы чоң жаңылыктын башы болуп калды.

КТРКга өз талапкерлигин коюп, аны Карыпбековдун сөзүнө турбаганына байланыштырган Ибраим Нуракун уулунан Карыпбеков талапкерлигин койбосо сиз дагы койбойт белеңиз деп сурап көрдүк.

- Мен КТРКга талапкерлигимди коём деп ойлогон, даярданган эмесмин. Күчтүү бирөөлөр коётко деп ойлогом. Мен ишенген КТРКнын редакциялык саясатын өзгөртүп кете алган адамдар бар эле. Алар койгон жок, Илим Карыпбеков кайра коём деп чыкты. Ага күчтүү атаандаштык болсун деп талапкерлигимди койдум.

Нуракун уулу өзүнүн талапкерлигин койгондугу, эч кандай оюн эмес деп бышыктады.

- Оюн болсо башка жактарда болгондур, бирок менин талапкерлигимде оюн жок. Себеби, Карыпбековду колдогон тараптагылардан менин талапкерлигимди алып кой деген өтүнүчтөр болуп жатты. Калган маселе Байкоочу кеңештин тандоосунда деп ишенем.

Шыкмаматов: КТРКга ким келбесин...

КТРКга карата парламентте дайым сын айтып келген депутат Алмамбет Шыкмаматов канал башынан бийликтин камчысын чаап келгенин, ага директор болуп ким келбесин бул көрүнүш улана берерин айтат.

КТРК “жер каймактагандан бери” бийликтин камчысын чаап иштеп келе жатат. Анткени конъюнктура ошондой болуп калган. Жогорку Кеңеште Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоо кандай болгонун көрдүңөр да, баары бийликтин мыкчып турган колунда. Директорлукка кимиси өтсө дагы ошолордун ырын ырдайт, оюн башынан бузулган. Баарыбыз күткөндөй болуш үчүн Байкоочу кеңеш эркин, өз алдынча ой жүгүртүшү керек. Байкоочу кеңештин мындай болушу парламенттин абийириндеги иш, мурунку чакырылыштагы парламент азыркы байкоочу кеңештин 90 пайызын бекитип койгон.

Мурда орун алып келген бийликтин талапкери өтүп кеткен шайлоого караганда азыркы шайлоо башка дейт КТРКнын директорлугуна талапкерлердин бири Адил Турдукулов.

- Мен мурда чечилген бир талапкер өтүп кетет деп ойлобойм, бирок андай эмес деп кепилдик да бере албайм. 1-2-турлардын жүрүшүндө байкап турабыз.

Учурда КТРКнын директору болууга мүмкүнчүлүгү көбүрөк деп телеканалдын азыркы директору Илим Карыпбеков, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген Ибраим Нуракун уулу, президенттик жарышта утулгандан кийин саясаттан кеткенин жар салган Өмүрбек Бабановго тиешелүү деп айтылган НТС каналынын директору Жайнак Үсөн уулунунун аты айтыла баштады.

Шайлоо күнү так аныктала элек, Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев шайлоо марттын ортосунда болуп калышы мүмкүн экенин айткан.

Автор: Бекболсун Молдояр уулу

Бөлүшүү:

Megacom