Спорт

Ат көтөрүп, таш көтөрүп жарышмай... Кожомкул балбандын 130 жылдыгы өтөт

14 июня 2019 года, 09:41 Рубрика: Спорт

Автор:

Ат көтөрүп, таш көтөрүп жарышмай... Кожомкул балбандын 130 жылдыгы өтөт

Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата спорттун алты түрү боюнча спорттук иш-чара өтөт. Балбандын чөбөрөсү Орозаалы Кожомкуловдун Slon.kg`ге билдиршинче иш-чара ушул айдын 29-30-июнь күндөрү өтөт.

"Атабыздын 130 жылдык мааракесин уюштуруу үчүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башында турган атайын комиссия түзүлгөн. Иш-чара өзүбуздүн айылдагы Кара-Көл деген кыштоодо өтөт.

Спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өтөт, ар бир оюндун баш байгесине автоунаа коюлат. Каржылоо иштерине мамлекет жардам берип жатат. Калганын эл менен бирге өзүбүз колго алдык. Уюштуруу иштери Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө. Иш-чара концерттик программалар менен коштолот", - деди Кожомкулов.

Белгилей кетсек, мелдеш көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат чабыш, ат көтөрмөй жана таш көтөрмөй оюндары боюнча өтөт.

Бөлүшүү:

Megacom