Общество

Курманкуловго Ош ШИИБдеги өздүк курамы бир күндүк айлык маянасын жардам ирээтинде которот

14 августа 2019 года, 11:50 Рубрика: Коом

Автор:

Курманкуловго Ош ШИИБдеги өздүк курамы бир күндүк айлык маянасын жардам ирээтинде которот

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкуловго Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жардам көрсөтөт. Алар Курманкуловдун үй бүлөсүнө бир күндүк айлык маянасын которушат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Самат Курманкулов 7-август күнү Чүй облусунун Кой-Таш айылында экс-президен Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында башынан каттуу жаракат алган. Аны учурда Москвага дарылоо үчүн алып кетишкен. Курманкуловду коштоп саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев кеткен.

Бөлүшүү:

Megacom