Культура

Кыргыз тасмалары «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат

6 августа 2019 года, 14:00 Рубрика: Маданият

Автор:

Кыргыз тасмалары «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат

Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына кыргызстандык төрт тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиядан тышкары 10 өлкөдөн 48 тасма катышат. Фестивалга катышуу үчүн Россиянын 34 аймагынан жана 28 өлкөдөн билдирүү келип түшкөн.

Аталган фестивалга: Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:

Megacom