Спорт

Кыргызстан — Палестина беттеши тең чыгуу менен аяктады

11 июня 2019 года, 22:21 Рубрика: Спорт

Автор:

Кыргызстан — Палестина беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон жолдоштук беттеште тең чыкты. Оюн бүгүн, 11-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

Турсунали Рустамов оюндун 31-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачты. Экинчи таймда Бекжан Сагынбаев гол киргизсе, көп өтпөй Палестина курама командасы эсепти 2:1 кылууга жетишти.

Оюн бүтөрүнө саналуу секунда калганда айып соккусунан узатылган топ Кыргыз курумасынын оюнчуларынын колуна тийип, пенальти дайындалды. Палестиналык оюнчу 11-метрлик айып соккуну дарбазага таамай тээп, эсепти теңеп кетти. Натыйжада оюн тең чыгуу менен аяктады.

Бөлүшүү:

Megacom