Аналитика

Кыргызстанда  Гүлпери Адилова жазган  “Мекен таануу” китеби жараксыз деп табылды

31 января 2019 года, 12:35 Рубрика: Аналитика

Автор:

Кыргызстанда  Гүлпери Адилова жазган  “Мекен таануу” китеби жараксыз деп табылды

Журналист жана эне катары Гүлмира Үмөталиева буга чейин коомчулука кайрылып, башталгыч класстардагы кыргыз, орус, өзбек жана таджик тилдеринде окутулуп жаткан Гүлпери Адилованын авторлугунда 2-класстын окуучулары үчүн жазылган “Мекен таануу” китебиндеги одоно каталарды айтып чыккан.

Үмөталиева баса белгилегендей, аталган окуу китебинде КР мамлекеттик символдору алгачкы бетке эмес, 8-бетке берилген. Ошол эле бетте “Кыргызстан – ӨЗ АЛДЫНЧА ӨЛКӨ” деп туура эмес тема коюлган. Мындан сырткары аталган китепте Гимн КР сиволикаларынын тизмесине киргизилген эмес. Китептеги эң чоң каталардын бири 4- беттеги “...Ал МЕКЕНДИН БИРИ — КЫРГЫЗСТАН” деген жазуу. Бул сүйлөм аркылуу балдарга дагы мекенибиз бар деген жалган түшүнүк берилиши мүмкүн.

Бирок, автор жана Билим берүү академиясы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан стилистикалык, орфографиялык жана идеологиялык каталар моюнга алынбай , тескеринче Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баш болуп, “Каталарды калем менен оңдоп чыгууга убактым жок” деген позицияны карманып, баардык күнөөлөрдү техникалык иш жасаган типографияларга оодарып, эч кандай аракеттер жасалган эмес.

Мындан улам Үметалиева президент Сооронбай Жээнбековго кат менен кайрылууга аргасыз болгон. Азырынча, президент тарабынан түз кат келе элек. Бирок, даттануучуга Билим берүү жана илим министрлиги жооп кайтарды.

Кат Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы М.А Усубалиев тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине “Шашылыш” каты жөнөтүлүп, анда “Келтирилген фактыларды кылдат териштирип, жыйынтыгы боюнча 25-январга чейин” жооп берилсин деп жазылган.

Билим берүү минисрлигинин кайрылууга берген жообун менен тааныштырабыз.

Анда Гүлмира Үмөталиева белгилеген окуу китеби (Г.Адилова “Мекен таануу” 1-2-класстар үчүн) 2011-2014-жылдар аралыгында Кыргыз билим берүү академиясында экспертизадан өтүп, кабыл алынып, бирок, тилекке каршы мүчүлүштүктөр кетирилген деп жооп беришти.

Журналист маселе көтөргөн соң, министрлик тарабынан окуу китептеринин мазмундук сапатына байланыштуу маселелер талкууланып, Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердигине анализ жүргөн. 25-декабрда Кыргыз Билим Берүү жана илим министрлигинин Коллегиясы өтүп, натыйжада Кыргыз билим берүу академиясын кайра түзүү жана тиешелүү бөлүмдөрдүн милдеттерин жана жоопкерчилигин так аныктоо үчүн Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган.

Кайрылуудан кийн Билим берүү жана илим министрлиги базистик окуу планында көрсөтулгөн сааттарга ылайык башталгыч билим берүү предметтери боюнча жаңы стандарттар, программалар иштелип чыгууда деп билдиришти. Эми Координациялык Кеңештин мүчөлөрү конкурс жарыялайт деп билдирген.

“Алардын ичинде катыңызда көрсөтүлгөн “Мекен таануу” предмети боюнча окуу китебине сынак жарыяланат. Министрлик жаңы муундагы окуу китебин иштеп чыгууда жаңы автордук курамдар жана рецензенттер тарабынан “Сиз сунуштаган кеп-кеңештер сөзсүз эске алынарын билдирет”, - деп Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын колу коюлган кат менен жооп беришкен.

Жогорудагы каттын жообуна журналист Гүлмира Үмөталиева толук канаттанбагандыгын кошумчалады. Анткени, ал катында бир гана Гүлпери Адилованын “Мекен таануу” окуу китебиндеги каталар менен катар, Эшпаев.К.Г., Оморова.А.А, Ботбаева. Т.М авторлугунда жазылган орус, өзбек жана таджик мектептеринин 8-класстарга арналган “Кыргыз тилинин” окуу дептериндеги “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” –денен сөздүн “М” тамгасы түшүп (Расмий тил дегенде да “Р” тамгасы түшкөн), иделогиялык диверция жасалгандай, сабатсыздык менен жазылган каталары тууралуу ооз ачышкан эмес.

Ошондой эле, Заря Мамбетова, Чаланбай Иманалиевдин авторлугунда жарыяланган 3-класстар үчун жазылган “Родиноведение” предметинде областтарды санап жатып, бүтүндөй бир облус Ысык-Көлдү киргизбей, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө шек келтирген фактыны жоопсуз калтырышкан.

Жогорудагы каталар бир эле журналисттин окуу китептеринен тапкан каталары. Ушул эле маалда социалдык түйүндөр, массалык каражаттарда кетирилген каталар тууралуу көп фактылар келтирилүүдө. Ошолор эске алынып, Министрлик тарабынан мониторинг жүргүзүлуп жатабы?

Жогорудагы кемчиликтерди алдын алуу максатында коомчулукту, активдүү жарандарды кайдыгер болбого чакырабыз. Анткени, балдарыбыздын билиминин сапаты, эртеңки элибиздин келечегине байланыштуу. Ошондой эле, окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттин каражаттары жумшалууда. Жогоруда Гүлмира Үмөталиева тарабынан сынга алынган окуу китептер Дүйнөлүк Банк берген насыяларга басылган. Ошондо, мамлекет тарткан чыгымды ким калыбына келтирет?

Шалаакылык менен окуу китептерин жазууга жана чыгарууга жол берген авторлор, КР билим берүү академиясы менен Билим берүү жана илим министрлиги жана жеке министрдин жоопкерчилиги каралабы? же “каталарды карандаш менен оңдоого убактым” жок деген министр Гүлмира Кудайбердиеванын позициясы күчүндө калабы?

Бөлүшүү:

Megacom