Экономика

Кыргызстанда киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди

5 августа 2019 года, 16:59 Рубрика: Экономика

Автор:

Кыргызстанда киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди

Кыргызстанда киберкоопсуздук стратегиясы 2019-2023-жылга чейин бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Токтомдун максаты - жарандардын, бизнестин, мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон жана улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат.

Коопсуздук кеңештин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы иштелип чыкты.

Бөлүшүү:

Megacom