Культура

Кыргызстандагы эң негизги эки театрды оңдоо үчүн 200 миллион сом керектелет

7 мая 2019 года, 16:35 Рубрика: Маданият

Автор:

Кыргызстандагы эң негизги эки театрды оңдоо үчүн 200 миллион сом керектелет

Кыргыз улуттук академиялык драма жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларынын имараттарын оңдоо үчүн 200 миллион сомго жакын акча керектелет.

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун аталган театрлардын абалы менен таанышуу үчүн барганда айтылды.
Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбековдун айтымында 1926-жылы негизделген театрды оңдоо үчүн акыркы жолу 9 жыл мурун 8 млн сом бөлүнгөн. Учурда имаратты оңдоп-түзөө жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо үчүн 76 миллион сомдон ашуун акча каражатына муктаж.
Ал эми Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов театрды оңдоп-түзөө үчүн 114 млн сомдон ашуун акча каражаты керек экенин айтты. 1935-жылы негизделген театрдын чатырын жабуу үчүн 3 жыл мурун ички каражаттан 150 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2015-жылы бюджеттин эсебинен коомдук ажатканасын оңдоо ишине 1 млн сом жумшалган.















Бөлүшүү:

Megacom