Спорт

Кыргызстандык футболчулар Палестина менен беттешүүгө ак кийимчен чыгат

10 июня 2019 года, 15:56 Рубрика: Спорт

Автор:

Кыргызстандык футболчулар Палестина менен беттешүүгө ак кийимчен чыгат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон оюнга ак форма менен чыга турганын Футбол федерациясы билдирди.

Ал эми Палестина курамасы кызыл форма менен ойношот. Мындай чечим уюштуруу комитети менен командалардын расмий өкүлдөрүнүн кеңешмесинде кабыл алынган.

Командалар бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттеш алдындагы расмий машыгуусун өткөрүшөт. Биринчилерден болуп Кыргызстандын курамасы оюн талаасына саат 19:00дө, ал эми Палестина курамасы саат 20:15те чыгат.

Белгилей кетсек, эки команданын беттеши эртең, 11-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Бөлүшүү:

Megacom