Культура

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү Орусияда кыргыз улуттук буюмдарынын көргөзмөсүн өткөрдү (сүрөт)

6 августа 2019 года, 15:22 Рубрика: Маданият

Автор:

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү Орусияда кыргыз улуттук буюмдарынын көргөзмөсүн өткөрдү (сүрөт)

Бүгүн, 6-августта «Аскер оюндары - 2019» мелдешинин алкагында кыргыз элинин улуттук буюмдарынын көргөзмөлөрү өттү. Иш-чараны “Алабино” полигонунун Достук үйүндө жана Тюмень шаарында өткөрүлүп, көрсөтмөнү Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү уюштурду. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө башка өлкөлөрдүн өздүк курамдары үчүн улуттук оюндар жана концерттик программалар тартууланып, кыргыз меймандостугун даңазалаган улуттук дасторкон жайылды.

Дасторконго улуттук даамдар, суусундуктар жана таттуулар конокторго тартууланды. Ошондой эле кыргыздын мукам үндүү ырчыларынын аткаруусундагы ырлар, элдик күүлөр ойнолду. Иш-чарада тушоо кесүү салты көрсөтүлүп, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты. Анда Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин өкүлдөрү жеңишке жетип белекке ээ болушту. Бул иш-чарага Орусиядагы мекендештер, Тюмень шаарында жашаган кыргыз жарандары катышышып, кыргыз жоокеринин моралдык духун көтөрүү максатында күйөрмандык кылышты.

Буга чейин чейин Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Монголия, Кытай мамлекеттери да өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын тартуулашкан. Алдыда Вьетнам жана Лаос мамлекеттеринин кечелери пландалды.

Бөлүшүү:

Megacom