Аналитика

Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасы керекпи?

4 февраля 2019 года, 17:11 Рубрика: Аналитика

Автор:

Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасы керекпи?

Аликбек Жекшенкуловдун Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалышы жана Сергей Лавровдун Кыргызстанга иш сапары менен келиши акыркы мезгилде байма-бай көтөрүлүп жүргөн Орусиянын Кыргызстандагы экинчи аскер базасын ачуу маселесин кайрадан жандантты. Экинчи аскер базасын ачуу маселеси экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2017-жылы Владимир Путин менен жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Орусиянын Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачуу кыргыз коомчулугунда эки ача пикирлерди жаратып келет. Айрымдар Кыргызстандын түштүгүнө терроризм, экстремизм коркунучунан коргонуу үчүн аскер базасын ачуу керектигин айтып жүрүшөт. Бирок аскер базасын ачуу зарылчылыгы жок экенин айткандар да бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков азыр терроризм, экстремизм мурдагыдай чоң коркунуч жараткан заман жоктугун, аскер базасын ачуу Орусияга да, Кыргызстанга да зарыл эместигин белгилейт.

“Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да биз экинчи аскер базасын ачуу демилгсин көтөргөн жокпуз деп айтып жатат. База ачуу каражат маселесин жаратат. Каражат маселеси учурдагы Орусиянын негизги көйгөйү, алардын экономикалык абалы мурдагы жылдарга караганда бир топ оор. База ачуу алардын тактикалык дагы, стратегиялык дагы маселесин чечпейт. Аскердик база ачуу биз үчүн деле кереги жок. Биздин бийлик саясий кызыкчылык менен кылышы мүмкүн, себеби бардыгы эле Орусия менен мамиленин жакшы болушун каалайт да. Аскер базасын ачсак жакшы нерсе болду деген кептер айтылат, ал эми Орусия тарап база ачабы, ачпайбы башка маселе”, - деди Жээнбеков.

Терроризм, экстремизмден коргонуу үчүн өзүбүздүн күчүбүз жетет деген Жогорку Кеңештин депутаты, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев да Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу зарылчылыгы жок дегендердин катарында.

“Биздин мамлекеттин өзүнүн армиясы бар. Терроризм, экстремизм коркунучун алдын алуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иш алып барат. Бизде Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу зарылчылыгы жок”, - деди Нурбаев.

Кыргызстандагы Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу тууралуу идеядан толук баш тартпаган, кооптоно турган маселелер бар экенин айткан да тараптар бар. Кыргызстандын түштүк аймагында Ислам мамлекети тобу тарабынан коркунуч туулусун мүмкүн экенин белгилеген генарал Феликс Кулов аскер базасын эмес, аскердик окуу борборун ачуу керектигин белгилейт.

“Оганстандын “Талибан” кыймылынан коркунуч жок десек болот, бирок Ислам мамлекети террордук тобунун биз үчүн коркунучү бар. Кыргызстандын түштүгүндө аскер базасын эмес, аскердик окутуу борборун ачуу бүгүнкү күндүн талабы”, - деди Кулов.

Кыргызстан үчүн экинчи аскердик база ачуу идеясын колдогондордун дагы бири генерал-майор Артур Медетбеков да окутуп үйрөтүүчү борбор ачуу керектигин белгилөөдө.

Кыргызстан үчүн экинчи аскердик база ачуу идеясын колдогондордун дагы бири генерал-майор Артур Медетбеков да окутуп үйрөтүүчү борбор ачуу керектигин айтууда.

“Эгерде бул идея ишке ашып калса аскердик машыктыруучу борбор болуп ачылышы мүмкүн. Мунун ачылышында биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгы жогору. Биринчиден терроризм, экстремизм менен күрөшүүгө чоң салым кошот, экинчи жагынан биздин аскерлер тактикалык, стратегиялык жактан, жаңы куралдарды колдонуу, жардыруучу заттарды аныктоо, тактоо боюнча тажрыйба алышат. Ошондой эле чакан террордук топторду талкалоону да үйрөнүшөт. Себеби дегенде биздин миңге жакын жарандар Сирияда, Ирак, Оганстанда согушуп жүрүшөт. Алардын бул жакта жакын тааныштары бар, уктап жаткан “ячейкалар” бар, кокус бирдеме болсо алар бул жакта террордук акт жасаганга умтулушат. Март айында Орусиянын жетекчилеринин Кыргызстанга келишинде бул маселе чечилип калышы мүмкүн”, - деди Медетбеков.

2018-жылдын 19-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрүп, Орусиянын Кыргызстандагы экинчи аскер базасын ачуу боюнча сөз жүрбөгөнүн, Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасын бекемдөө, кеңейтүү маселелери каралып жатканын айткан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиянын маалымат агенттиктеринин бирине маек берип, жаңы аскер база ачуу тууралуу сөз 2019-жылдын март айына белгиленип жаткан Орусия президентинин Кыргызстанга болгон сапарында көтөрүлүшү мүмкүн экенин белгилеп өткөн.

Ал ортодо, учурда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачуу Орусиянын демилгеси эместигин, кабары жоктугун, бирок кыргыз тараптан идея көтөрүлсө талкуулого даяр экенин билдирген. Лавровдун сөзүнөн кийин элчибиз белгилеген, бирок Орусиянын өздөрү билбеген экинчи аскер базасын ачуу идеясы марттагы эки өлкө президенттеринин жолугушуусунда козголоору бүдөмүк бойдон калды.

Орусиянын учурдагы Канттагы авиабазасы 2003-жылы ачылган. 2012-жылдагы эки тараптуу макулдашууга ылайык авибаза 2032-жылга чейин Кыргызстандын аймагында кала берет. Бул авиабаза өзүнө Канттагы аэродромду, Ысык-Көлдөгү аскерий-деңиз базасын, Майлу-Суу шаарындагы сейсмологиялык пункту жана Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнүн камтыйт.

Автор: Бекболсун Молдояр уулу

Бөлүшүү:

Megacom