Манас Арабаев: “Раиса Атамбаева өзү аралашып, анын адамдары мени ачык эле жазалоо менен коркутушкан”

3 июля 2019 года, 11:02 Рубрика: Блог

Автор:

Манас Арабаев: “Раиса Атамбаева өзү аралашып, анын адамдары мени ачык эле жазалоо менен коркутушкан”

Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынган болчу. Ал, тергөө учурунда бул кылмыштуу ишке экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева мажбурлаганын жана анын кызыкчылыгын аргасыз аткарганын айтып көрсөтмө берди.

“Экс-президенттин жубайына карата көрсөтмө берип жатам. 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал бир нече жолу, көшөргөн түрдө жолугушууну суранып, талап кылды. Бул жолугушуулар болуп, башка адамдар дагы катышты. Анын ичинде жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Экинчи станцияда. Ал СМС дагы жазган. Бул жагдайларды телефондук номердеги жазууларды алуу аркылуу тактаса болот. Анда ал көшөрүп жолугушууну, белгисиз адамдарды кабыл алууну талап кылат. Ал адамдар түздөн-түз бул ишти чечүүгө катышкан. Азыркы учурда ошол эле адам, экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркеевага тийишпөөнү суранган. Жаркеевага тийишпөөнү талап кылып, мындай тапшырма УКМКнын Алмаз Мааткасымов аттуу кызматкерине берилген. Беттешүү учурда баардык аракеттерди тастыктап бере алам. Менин эч кандай каалоом болбогонун өзгөчө белгилегим келет. Жолугушуулар мажбурланган. Баягы ак чач адам менен жолугушуулар экс-канайымдын бир катар СМС каттары менен коштолгон. Ал турсун акыркы жолугушууда бул адам менен жагымсыз окуя болду. Ал анда ачык эле жазалоо менен коркутту”-дейт Манас Арабаев.

Бөлүшүү:

Megacom