Культура

"Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлдү

18 июня 2019 года, 09:40 Рубрика: Маданият

Автор:

"Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлдү

"Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим 2019-жылдын 31-январындагы өлкө башчынын жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Аталган мамлекеттик мекеменин негизги максаттары:

- "Манас" эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо болуп саналат. Ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

-"Манас" эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Бөлүшүү:

Megacom