Происшествия

Меккеге кеткен үч кыргызстандык зыяратчы каза болду

10 августа 2019 года, 11:40 Рубрика: Окуялар

Автор:

Меккеге кеткен үч кыргызстандык зыяратчы каза болду

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында кыргызстандык үч зыяратчы каза болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргенин "Азаттык" жазып чыкты.

Кыргызстандыктардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилди.

Каза болгондордун аты-жөнү жана өлүмүнүн себептери айтылган жок.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты менен 16-июлда жөнөп кетишкен.

Бөлүшүү:

Megacom