Абылгазиев – Биздин милдет айыппулду көбүрөөк салуу эмес, тартипти жана коопсуздуктуу камсыздоого багытталган

9 үчтүн айы 2019 года, 09:40

Абылгазиев – Биздин милдет айыппулду көбүрөөк салуу эмес, тартипти жана коопсуздуктуу камсыздоого багытталган

Премьер-министри 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде премьер-министр таштандыларды белгиленбеген жерде өрттөө жана түкүрүнүү үчүн жаңы айыптардын киргизилиши коомдо кызуу талкуу жаратканына токтолду.

“Айып салуу – бул объективдүү чара. Өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин – улуулардын – чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем. Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек”, - деди өкмөт башчы.

Мындан сырткары ал жазаларды катаалдаштыруучу жаңы мыйзамдар көбүрөөк айыппул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталганын айтып, аларды өлкөнүн ар бир жараны аткарышы керек экендигин баса белгиледи. Ошондой эле жарандарыбыз жазадан кача албастыгын түшүнүүсү кеерек экендигин эскертип өттү.

Бөлүшүү:

ads