Происшествия

Мурдагы ИИМдин орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголду

14 августа 2019 года, 12:49 Рубрика: Окуялар

Автор:

Мурдагы ИИМдин орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголду

Мурдагы ИИМдин орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Иш Аскер прокуратурасына 13-августта келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, 7-8-август күндөрү ИИМнин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ министринин буйруктарын аткарбастан, аны менен кеңешпей туруп ИИМдин кызматкерлерин башкаруусуз, коркунучта калтырып мыйзамды одоно бузган.

Мындан сырткары, далил буюмдарды жана тергөөгө керектүү документтерди жашыруу менен жазык-процессуалдык мыйзамдарды сактаган эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматында Асановдун ишин тажрыйбалуу тергөөчүлөр тергей турганын кошумчалашты.

Бөлүшүү:

Megacom