Происшествия

Ноокатта жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду

7 үчтүн айы 2019 года, 12:17 Рубрика: Окуялар

Ноокатта жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду

Ноокат районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка карганда окуя 6-январь күнү саат 8:15 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 73-чакырымындагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында болгон.

Андам МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктан Toyota Estima үлгүсүндөгү унаада бараткан жүргүнчүлөрдүн үчөөсү каза болгон. Мындан сырткары 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Кызыл-Кыя шаардык оруканасына жаткырылган.

Азыркы учурда аталган окуя боюнча тергөө жүрүп, ишти Ноокат райондук ички иштер бөлүмү алып барууда.

Бөлүшүү:

Megacom