Нурбек Токтакунов жарыялаган  “көмүскө касса” боюнча баштапкы тергөө аяктады

11 үчтүн айы 2019 года, 18:27

Нурбек Токтакунов жарыялаган  “көмүскө касса” боюнча баштапкы тергөө аяктады

Ички иштер министрлиги юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы "көмүскө касса" делинген документтин тергөөгө чейинки текшерүүсүн аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2017-жылкы президенттик шайлоодогу Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчилери, облустук, райондук жана шаардык штаб башчыларынын жетекчилери, кызматкерлери суракка алынган.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча эсепчиси болгон болгон Надира Сатыгул кызы Кыргызстандын сыртына чыгып кеткендигине байланыштуу ал өлкөгө кайтып келгенден кийин ИИМдин Тергөө кызматына чакырылары айтылган.

ИИМдин расмий билдирүүсүндө аталган текшерүүгө Надира Сатыгул кызы көрсөтмө бергенден кийин гана жыйынтыктоочу чечим чыгаары айтылат.

  • Айта кетсек, Былтыр укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмеси тууралуу документти жарыялаган. Анда Жээнбековдун шайлоо штабы президенттик шайлоого 1 миллиард 170 миллион дон ашык сом жана 6 миллион 855 700 доллар сарптаганы жазылган.
  • Ал эми Президенттик аппарат аталган тизмени чындыкка дал келбеген маалымат деп жооп кайтарган.

Бөлүшүү:

Megacom