Культура

"Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат

11 июля 2019 года, 13:28 Рубрика: Маданият

Автор:

"Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат

Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Фестиваль Бишкектен кийин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 29-июлдан 4-августка чейин болмокчу.
Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышат.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Программа боюнча катышуучулар алгачкы күнү парадга басышат. Андан соң балдар жана чоңдор үчүн кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден мода көргөзмө сунушталат. Манас айтуу, концерттер жана тарыхый темадагы документалдык, анимациялык тасмалар көрсөтүлмөкчү.

Бөлүшүү:

Megacom